Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 09-июлу №8
Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Суванованын иштетилбей калган калдыкты атайын каражаттар эсебинен 3111 статьясына коюу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 9-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагынын 2018-жылдын 1-январына иштетилбей калган калдыкты атайын каражаттар ( СПЕЦ) эсебине 3111 статьясына коюп, 701 разделинин башкаруу кызматынан 230, 0 ( эки жүз отуз миң) сом акча каражатын Терек-Сай айылында курулуп жаткан кичи футбол аянтчасынын кошумча жумуштарын аткарууга которуп берүү үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|