Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 09-июлу №10
Терек-Сай айылдык аймагынын жооптуу катчысы Б.Анарбаеванын Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан уюштурулган “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча “ Калкка кызмат көрсөтүү борборлору” 2016-жылдан бери уюштурулуп, калкка кызматтар көрсөтүлүп жаткандыгын, айылдык Кенеш тарабынан бекитүү керектиги жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 9-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагынын алдында уюштурулган Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык, “Бирдиктүү терезе”принциби боюнча тургундарга кызмат көрсөтүп жаткан“ Калкка кызмат көрсөтүү борборлору” бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын жооптуу катчысы Б.Анарбаевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|