Редакцияот 14.08.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз Х сессиясы

 

2018-жылдын 14-августу №1

“Асман-Таш” ЖЧКоомунун “Чаарташ” участкасындагы чачынды алтын боюнча геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын жер казыналар жөнүндөгү мыйзамына ылайык “Асман-Таш ” ЖЧКнун 5280 АР Лицензиясынын негизинде Чаарташ участкасында негизги алтынга геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү жөнүндөгү “Асман-Таш” ЖЧКоомунун директору А.Б.Сейиткуловдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 10- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Асман-Таш” ЖЧКоомунун кайрылуусунун негизинде Терек-Сай айылдык аймагындагы Чаарташ участкасына 5280 АР Лицензиясына ылайык негизги алтынга геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн 449, 2 га жер аянты убактылуу пайдаланууга бөлүнүп берилсин.

2. Берилген жер аянтына тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Чаткал райондук “Мамлекеттик жер каттоо” жана архитектура башкармалыгынан суралсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби, этика жана жаратылыш коргоо, экология боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Ажакматов И.К.