Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-августу №3
Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Суванованын бюджет жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 10- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагынын 2018-жергиликтүү бюджетинин 701 раздели Башкаруу кызматынын 2221 бөлүнгөн 50,0 миң акча каражаты 2211 беренесине жылдырылып берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|