Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-августу №4
“Терек-Сай Жаштары” ЖЧКоомунун аткаруучу мүдүрү Н.М.Сатыбалдиевдин проектте көрсөтүлгөн ЛЭП-35 КВт чыналуудагы электр чубалгыларын тартуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 10-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Терек-Сай Жаштары” ЖЧКоомуна ЛЭП-35 КВт чыналуудагы электр чубалгыларын тартуу үчүн Кашка-Суу участкасынан “Кассан” кен иштетүү участкасына чейин 38 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Берилген жер аянтына тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Чаткал райондук “Мамлекеттик жер каттоо” жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. “Терек-Сай Жаштары” ЖЧКоомуна электр чубалгыларын тартуу үчүн жер аянтын картасын тактоо айылдык аймактын жер адиси И.Смановго жүктөлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби, этика жана жаратылыш коргоо, экология боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|