Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-августу №5
Терек-Сай айылдык аймагынын Ф.Э.Б. башчысы Т.Суванованын “Эти Бакыр Терек-Сай ” ЖЧКнан А.Чымканаев атындагы орто мектебинин ашканасынын кошумча имаратынын ички жумуштарын бүтүрүүгө жана ашканага керектелүүчү жабдууларды алуу керектиги жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 10- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу А.Чымканаев орто мектебинин ашканасынын кошумча имаратынын ички жумуштарын толугу менен бүтүрүү үчүн жана ашканага кректелүүчү жабдууларды алуу үчүн “Эти Бакыр Терек-Сай ” ЖЧКнан 2018-жылга каралган соц.пакеттин эсебинен 252335 сом акча каражаты суралып берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|