Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-августу №6
Терек-Сай айылдык аймагынын Ф.Э.Б. башчысы Т.Суванованын атайын каражаттар эсебине келип түшкөн акча каражаты жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 10-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагындагы кен өндүрүүчү “Эти Бакыр Терек-Сай ” ЖЧКму тарабынан 2018-жылга каралган соц. пакеттин эсебинен түшкөн 3400,0 мин сом акча каражатына, атайын каражаттар эсебинен план коюп берүү жагы каралсын.
2. Терек-Сай айылдык аймагынын атайын каражаттар эсебине келип түшкөн 3400,0 мин сом акча каражатын 701 разделинин 3111(курулмалар жана имараттар ) беренесине бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|