Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-августу №7
Терек-Сай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн балансындагы погрузчигинин элге кызмат кылуу үчүн акысын бекитүү боюнча Терек-Сай айылдык аймагынын башчысы Б.С.Ашырбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 10-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу погрузчик техникасынын элге кызмат кылуу акысы саатына 2 000 (эки миң) сом жана погрузчик техникасынын айдоочусунун бир айлык маянасы 10 000 (он миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|