Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-августу №1
Кыргыз Республикасынын жер казыналар жөнүндөгү Мыйзамына ылайык “ Бен- Майнинг” ЖЧКнун № 5593 АР лицензиясынын негизинде “Мусульман-Сай” участкасындагы чачынды алтынга геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү жөнүндөгү “Бен-Майнинг” ЖЧКнун директору А.А.Маминдин кайрылуусун угуп жана талкуулап Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 11-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “БЭН Майнинг” ЖЧКнун кайрылуусунуна ылайык Терек-Сай айылдык аймагындагы Мусульман-Сай участкасына 5599 АР лицензиясынын негизинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн 184 га жер аянты убактылуу пайдаланууга бөлүнүп берилсин.
2. Берилген жер аянтына тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Чаткал райондук “Мамлекеттик жер каттоо” жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби, этика жана жаратылыш коргоо, экология боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|