Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-августу №3
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай айылынын тургуну Ашырбаева Жумагүлдүн ден соолугуна байланыштуу жана Кызыл-Токой айылынын тургуну Мамбеткулов Сулайманкулдун ден соолугуна байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 11- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылынын тургуну Ашырбаева Жумагүлгө 5 000 (беш мин) сом жана Кызыл-Токой айылынын тургуну Мамбеткулов Сулайманга 20 000 (жыйырма мин) сом акча каражаттары ден соолуктарына байланыштуу дарылануу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|