Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-августу №6
Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБнун башчысынын долбоорлорду гос.экспертизадан өткөрүү үчүн кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 11-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылына, Ынтымак, Ак-Терек, Горняк-1, Горняк-2, Эшалы Болуш жана Терек-Сай көчөлөрүнө “ көчө жарыктарын ( уличное освещение) орнотуу боюнча түзүлгөн долбоорлорду гос.экспертизадан өткөрүү үчүн атайын каражаттар эсебинде иштетилбей калган калдыктын эсебинен 93296 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|