Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-сентябры №1
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 13-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Союзга мүчөлүк төлөмдөрдү төлөп берүү боюнча кайрылууларын карап чыгып, угуп жана талкуулап Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 12-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзуна мүчө болуп кирсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Уставына ылайык, жылына бир жолу калктын санына жараша 1 кишиге 1 сомдон кем эмес мүчөлүк акы төлөмү төлөнүп берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу менен иш алып баруу Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби, этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|