Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-сентябры №2
Терек-Сай айыл аймагына караштуу А.Чымканаев атындагы № 18 жалпы орто билим берүүчү мектеби типтүү эмес мектеп болгондуктан, класстарында окуучулардын саны аз , башка жакка барып окууга мүмкүнчүлүктөрү жок, окуучулардын коопсуздугунун алдын алуу максатында, ата-энелеринин аз комплектүү класстарын сактап калуу жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 12-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылынын тургундарынын кайрылуу каты жана А.Чымканаев атындагы № 18 жалпы орто билим берүүчү мектебинин каты эске алынсын.
2. 2018-2019-окуу жылында А.Чымканаев атындагы № 18 жалпы орто билим берүүчү мектебинде окуучулардын контингентин, аз комплектүү класстарды сактап калуу максатында 1”б”-кл.-15 окуучу, 1”в”-кл.-15 окуучу, 3”а”-кл.-13 окуучу, 10-кл.-10 окуучу болгондуктан, жогорудагы аз комплектүү класс катары бекитип берүү жагы Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.Эшалиевден суралсын.
3. 2018-2019-окуу жылында А.Чымканаев атындагы № 18 жалпы орто билим берүүчү мектебинде мектептин типтүү эместигинен, класстык бөлмөлөрдүн тар, чакан болгондугуна, санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бербегендигинен, каттап окууга мүмкүнчүлүктөрүнүн жоктугуна байланыштуу, окуучулардын коопсуздугунун алдын алуу максатында 9-классын 2 аз комплектүү класс катары сактоо менен окутууга уруксат берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин билим берүү, маданият боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|