Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-сентябры №3
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинин 10-классынын окуучуларынын саны 12 окуучу болуп, аз болгондуктан, башка жакка барып окууга мүмкүнчүлүктөрүнүн жоктугунан, окуучулардын коопсуздугунун алдын алуу үчүн, аз комплектүү класс катары сактап калуу максатында жана 3”А,Б” класстарынын окуучуларын 2 аз комплектүү класс катары бекитип берүү боюнча ата-энелеринин кайрылуусун угуп жана , Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 12-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылынын Ак-Терек көчөсүнүн тургундарынын жана Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинин кайрылуу каттары эске алынсын.
2. 2018-2019-окуу жылында Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинде окуучулардын контингентин сактап калуу максатында , башка жакка каттап окуганга окуучулардын шарттары жок болгондугуна, окууучулардын коопсуздугунун алдын алуу үчүн 10-класстын аз комплектүү жана 3”А,Б” класстарынын аз комплектүү класс болуп сакталып калышы Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.Ж.Эшалиевден суралсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин билим берүү, маданият боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|