Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-сентябры №4
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай айылынын тургуну Токтобаев Жантемирдин томолой жетим экендигин, үй-бүлөсүндө белдүү адамы болбогондуктан, окуу жайдын контрагын төлөөдөн кыйналып жаткандыгын, турмуш шартынын оордугун эске алуу менен медициналык окуу жайынын контрагын төлөп берүүгө жардам көрсөтүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 12-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылынын, Ак-Терек көчөсүнүн тургуну Токтобаев Жантемирге турмуш шартын эске алуу менен медициналык окуу жайынын контрагын төлөө үчүн 40,0 ( кырк мин ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|