Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-сентябры №7
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу А.Чымканаев атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими А.Сеитовдун жалпы билим берүү мекемелериндеги дене тарбия мугалимдеринин Шакафтар айылында өтүүчү спорттук оюндарга барып келүүгө акча каражатынан жардам берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 12-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу жалпы билим берүү мекемелериндеги дене тарбия мугалимдеринин Шакафтар айылына спорттук оюндарга барып келүүсү үчун 5 000 (беш мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|