Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры №4
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору Т.Орозбаевдин мектепти жылытуу максатында суу насос жана тень алуу жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 13-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинин жылытуу системасын ишке киргизүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 10 350 ( он миң үч жүз элүү ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|