Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры №6
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Б.Камчыбеков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Р.С.Арзыматовдун мектептин эски насосторунун эскилиги жетип, авариялык абалда тургандыгына байланыштуу, кышкы мезгилде мектептин жылытуу системасын ишке киргизүү максатында , жаны насос алуу жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 13-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Б.Камчыбеков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин жылытуу системасын ишке киргизүү үчүн 35 000 (отуз беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|