Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры №8
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу “Ай-Нуру” м.ч.б.б. уюмунун директору Ч.Баимбетованын бакчанын жылуулук системасынын жаз-кыш сезонуна ремонт иштерин жүргүзүү максатында керектелүүчү буюмдарды алуу жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 13-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ай-Нуру” балдар бакчасынын жылуулук системасына ремонт иштери үчүн керектелүүчү буюмдарды алуу максатында 20 800 (жыйырма миң сегиз жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|