Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры №9
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу А.Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин математика мугалимдери М.Кулбаевдин жана А.Мамытованын математика кабинетине жаңы шкаф алуу боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 13-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин математика кабинетине жаңы шкаф алуу үчүн 15 000 (он беш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|