Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры №14
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай айылынын тургундары: Раев Кадыржандын уулу Кадыржанов Сыймыктын жана Наркулова Кундуздун небереси Канайкулова Нурзаданын, Кызыл-Токой айылынын тургуну Каратаева Дилдекандын ден соолугуна жана турмуш шарттарына байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 13-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай айылынын тургундары: Раев Кадыржандын уулу Кадыржанов Сыймыкка 30 000 (отуз мин)сом жана Наркулова Кундуздун небереси Канайкулова Нурзадага 20 000 ( жыйырма миң) сом, Кызыл-Токой айылынын тургуну Каратаева Дилдеканга 5000 (беш миң) сом акча каражаттары ден соолуктарына жана турмуш шарттарына байланыштуу дарылануу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|