Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры №15
Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБнүн башчысы Т.Суванованын айылдык аймагына караштуу мектептерге жана бала бакчаларга чарба шаймандарын, тазалоочу каражаттарды жана канцелярдык товарларды алып берүү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 13-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу мектептердин жана бала бакчалардын тазалоо иштерине керектелүүчү шаймандарды жана тазалоочу каражаттарды, канцелярдык товарларды алуу үчүн 100,0 миң (жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|