Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры №16
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылында жайгашкан ФАПтын башчысы Аширбекованын медпунктун ичи суук болуп, тамчы укол куйганга кыйынчылык болуп жаткандыгына байланыштуу меш жылыткычын алуу жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 13-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Токой айылында жайгашкан ФАПка тамчы укол куйганга кыйынчылык болуп жаткандыгына байланыштуу меш жылыткычын алуу үчүн 4 400 (төрт миң төрт жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|