Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры №17
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Эшалы Болуш көчөсүндө жайгашкан спорт залдын тренери Ж.Ташболотовдун Баткен областынын Кадамжай шаарында боло турган волейбол оюнуна “ Алтын күз IX” чемпионатына балдар жана кыздар командасын алып баруу үчүн жол чыгымдарын чечип берүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 13-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен областынын Кадамжай шаарында боло турган волейбол оюнуна “Алтын күз IX” чемпионатына балдар жана кыздар командасын алып барып келүү максатында жол чыгымдарын төлөө үчүн 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|