Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин кезектеги VI чакырылышынын 2 сессиясы
2017-жылдын 25-январы № 2-3
Төөлөс айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүгүү стратегиялык планына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 3-пункутуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүгүүсүнүн стратегиялык планына өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет, сода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага | М. Абдырахманов |
2013-жылы Төөлөс айыл өкмөтүнүн буйругу менен түзүлгөн атайын жумушчу тобу тарабынан айыл аймагынын туруктуу өнүгүүсүнүн 2013-2017-жылдарга карата стратегиялык планы иштелип чыгып, айылдык кеңеши тарабынан бекитилген.
Бекитилген стратегиялык планды ишке ашырууда айыл өкмөтү тарабынан бор топ иш чаралар аткарылып келе жатат. Айыл өкмөтүнүн бардык тармактары боюнча белгиленген иш пландарынын 2016-жылга чейинки каралган маселелери дээрлик толук аткарылды. Алдабызда 2017-жылга карата стратегиялык планда белгиленген иш чараларды аткаруу турат. Стратегиялык планды аткарууда көпчүлүк маселелер инвестиция тартуу жолу менен аткарууга туура келгендигине байланыштуу өз учурунда ага кээ бир өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү зарылчылыгына дуушар болуп келүүдө.
Өзүңүздөргө маалым болгондой 2016-жылы АРИС программасынын айылды инвестициялоо-3 долбоору аркылуу Жайылма айылында 100 орундуу жаңы мектептин курулушу акырына чыгуу алдында турат. Ал эми быйылкы 2017-жылы ушул эле программанын 2-циклы алкагында жаңыдан долбоорлорду сунуштоо зарылчылыгы келип чыгууда. Бул долбоорлорду ишке ашыруу зарылчылыгы АРИС программасы боюнча белгиленген иш чараларды жүргүзүү коомчулуктун негизги көйгөйлүү маселелерин аныктоо жана сурамжылоо ыкмасы менен аныкталды. Тактап айтканда «Айтамга» балдар бакчасынын шарттарын жакшыртуу үчүн ал имаратка жылытуу системасын орнотуу (реконструкциялоо) долбоорун сунуштоо иш аракеттерин жүргүзүбүз керек.
Ошондуктан Төөлөс айыл аймагынын туруктуу өнүгүүсүнүн 2013-2017-жылдарга карата стратегиялык планына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү боюнча кайрадан түзүлгөн долбоорун бекитип берүңүздөрдү өтүнөмүн.
(Стратегиялык планга өзгөртүү жана толуктоолорду камтыган долбоору 23 баракта маалыматка тиркелет)
Төраганын орун басары | М. Тиленов |