Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры №21
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Өзгөчө кырдаалдар боюнча адис Г.Сейитбекованын айлык маянасын жогорулатуу боюнча кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңеши VIII чакырылышынын кезексиз 13- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөчө кырдаалдар боюнча адис Г.Сейитбекованын 3 ай ичинде аткарган иштери айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын жана айлык маянасынын өлчөмү 5000 (беш миң) сомго көтөрүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|