Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры №22
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору Т.Орозбаевдин Баткен областынын Кадамжай шаарында боло турган воллейбол оюну боюнча өтүүчү спартакиадага Чаткал районунун намысын коргоо максатында баруу үчүн жол чыгымдарын чечип берүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 13-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен областынын Кадамжай шаарында боло турган волейбол оюну боюнча өтүүчү спартакиадага Чаткал районунун намысын коргоо максатында баруу үчүн окуучулардын жол чыгымдарын төлөөгө 7 280 (жети миң эки жүз сексен) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|