Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры №24
Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Суванованын айылдык аймагына караштуу катуу отун менен иштеген жалпы орто билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүүчү мекемелерге отун алып берүү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 13-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу катуу отун менен иштеген жалпы орто билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүүчү мекемелерге отун алып берүү үчүн 40,0 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын Ф.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|