Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры №29
Терек-Сай айылдык аймагынын Ф.Э.Б.башчысы Т.Т.Суванованын жергиликтүү бюджет жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 13-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын 9-айлык отчетунун жыйынтыгы менен киреше бөлүгүнүн планы ашыкча аткарылгандыгына байланыштуу, 701 раздели Башкаруу кызматына 2211 беренеси сапар чыгымына 250,0 мин сом, 2214беренеси транспорт чыгымы күйүүчү майга 100,0 мин сом, жалпысы 350,0 мин сом, 709-11 разделине билим берүү бөлүмүнө 200,0мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын Ф.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|