Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры №32
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу “Ай-Нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жана Терек-Сай аймактык ооруканасынын төрөт залынын жаңы курулуп бүткөн имаратынын ачылуу аземине карата жана ооруканага, мектепке чейинки билим берүү уюмуна салым кошкон жетекчилерди жана кызматкерлерди сыйлоо жөнүндөгү ФЭБ башчы Т.Суванованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезекси 13- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу “Ай-Нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ачылуу аземине 40 000 (кырк миң) сом жана Терек-Сай аймактык ооруканасынын төрөт залынын жаңы курулуп бүткөн имаратынын ачылуу аземине 60 000 (алтымыш миң), салым кошкон жетекчилерди жана кызматкерлерди сыйлоо үчүн 20 000 (жыйырма мин) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эебинен төлөнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|