Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-ноябры №1
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобону бекитүү боюнча Терек-Сай айылдык аймагынын жооптуу катчысы Б.Анарбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобо боюнча тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү Терек-Сай айылдык аймагына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартиби, этика жана жаратылыш коргоо, экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|