Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-ноябры №3
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын Кара-Далаа участкасына 50 га жерди трансформация жасоо үчүн координаттарын тактоо максатында Ала-Бука районунун мамлекеттик каттоо бөлүмүнө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү ФЭБ башчынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын Кара-Далаа участкасына 50 га жерди трансформация кылуу үчүн координаттарын тактоо максатында Ала-Бука районунун мамлекеттик каттоо бөлүмүнө 85,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|