Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-ноябры №6
Терек-Сай айылдык аймагында кургак учук оорусу менен ооруган 18 адамга материалдык жардам көрсөтүү үчүн ФЭБ башчы Т.Суванованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагында кургак учук оорусу менен ооруган 18 адамга материалдык жардам көрсөтүү үчүн 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын Ф.Э.Б.башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|