Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-ноябры №8
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынан баштап Мырзалиев көчөсүнө чейин көчө жарыктарын орнотуу максатында түзүлгөн долбоорду тендерге коюу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө ФЭБ башчы Т.Суванованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынан баштап Мырзалиев көчөсүнө чейин көчө жарыктарын орнотуу максатында түзүлгөн долбоорду тендерге коюу үчүн 9 492,4 миң акча каражатын бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын Ф.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|