Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-декабры №1
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Терек-Сай айыл аймагынын 2016-жылдын 1-январынан тартып 2017-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчеттун жана жазма буйруктун көчүрмөсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өткөрүлгөн аудит жыйынтыгынын негизинде Терек-Сай айылдык аймагынын жалпы адистери менен аппараттык чогулушта талкууланып, кетирилген кемчиликтер боюнча тиешелүү адистерге чара көрүү жагы сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын башчысы Б.Ашырбаевке жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө укук, мыйзамдуулук, этика жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|