Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-декабры №2
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу “Курук сай” сайына заманбап, дүйнөлүк стандарттагы доре алтын ылгоочу фабриканын курулуш зарылчылыгы жөнүндөгү “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКнун мүдүрү Махир Тезджандын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу “Курук сай” сайына Лицензиялык тиешелүү координаттарына ылайык дүйнөлүк стандарттагы, заманбап, жаңы технологиялар менен курулуучу доре алтын ылгоочу фабриканын курулушуна тийиштүү мамлекеттик органдардын корутундусунун негизинде уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын жер казыналар жөнүндөгү мыйзамына ылайык Терек-Сай айылдык аймагына социалдык пакет боюнча колдоо көрсөтүлсүн. Андан тышкары Терексай айылдык аймагынын социалдык экономикалык өнүгүүсү үчүн “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКсына төмөнкү маселелер жүктөлсүн./Тиркеме тиркелет 1 баракта./
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин өнөр жай, транспорт, курулуш жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|
Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз
15-сессиясынын № 2- токтомуна
ТИРКЕМЕ:
Терек-Сай айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн “Эти Бакыр Терексай ” ЖЧКоомунун мурда келишилген социалдык пакеттин суммасынан тышкары төмөнкү көйгөйлүү маселелер жүктөлсүн:
- Биринчи кезекте жумуш менен жергиликтүү тургундар камсыз болушсун;- Эти Бакыр Терексай ЖЧКсы колдонгон жардамчы кызматтарды: жумушчуларды ташуу, объектилердин күзөт иштери, тамак-ашка керектүү болгон азык-түлүктү сатып алууларды Ишкананын ички процедураларына жана базар-экономикалык шарттарга ылайык жергиликтүү элден алынуусу каралсын; - “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКнун жетекчилиги, жергиликтүү тургундардан Ишканага жана айыл аймагына керек болгон кесипкөй адистердин окуусуна кете турган чыгымдарга жардам берсин; - Терек-Сай айылына жаңы заманбап стандартка ылайык, бардык шарттары бар мектепти Эти Бакыр Терексай ЖЧКна тиешелүү болгон АБК имаратынын базасында Тереккан кенин иштетип баштаганга чейин долбоор жана курулуш иштери бүткөрүлүп ишке берилсин;- Терек-Сай жана Кызыл-Токой айылдарына тигүү цехин ачып берүү маселеси каралсын; - Доре алтын ылгалоочу фабрика (ЗИФ) дүйнөлүк стандарттын негизинде заманга шайкеш келген технология менен курулсун жана жашоочу тургундарга, мал чарбага жана экологияга зыянын тийгизбей турган болсун;
-Фабриканын курулуш технологиясы дүйнөлүк стандарттарга жооп бере турган сапатта жасалып, Кыргыз Мамлекетинин мыйзамдарына ылайык тийиштүү жана керек болгон экспертизалардан өтүп турсун;- Аталган долбоордо каралган рекультивациялык иштер, Рекультивациялык долбоордун негизинде жана долбоорго ылайык өз убагында жүргүзүлсүн;-Фабриканын курулушу менен экологиялык коопсуздукту сактоо иретинде, көз карандысыз экологиялык лабораториялардын анлиз жана мониторинг жасап турушун камсыз кылышсын;
-Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча текшерүүчү Мамлекеттик органдар пландык текшерүүлөрдү өз мезгилинде жүргүзүп турушсун;- Жергиликтуу кенештин депутаттарынан атайын комиссия түзүлсүн. Түзүлгөн комиссия курулуш иштеринин жүрүшүндө жана фабриканын иштешинде,мезгил-мезгили менен экологиялык жана техникалык коопсуздуктарды сактоо менен иш жүрүп жатканын көзөмөлдөө үчүн, «Эти Бакыр Терексай” ЖЧКсынын иш объектилерин кыдырат. Комиссия кыдыруу учурунда экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча эрежелердин бузулганын, бекитилген нормалардан жана мерчемдерден ашыкча болгон чачындылардын болгону байкалса, комиссия байкалган жана билинген иш бузуулар боюнча тийиштүү Мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдарга кайрылат жана жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгын сурайт.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин комиссияга кирген депутаттары:
1. Ажакматов И. 4. Каипов М 7.Чотбаев У. 10.Курманбеков Ж
2. Орозбаева Ч. 5. Каныбеков Н. 8. Сартманбетов И 11.Чымканаев Д.3.
3. Ташбаев М. 6. Тойчуев М. 9.Ташболотов.Ж.
Терек – Сай айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ажакматов И.К.