Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-декабры №3
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 16-ноябрындагы № 125 буйругуна ылайык, Терек-Сай айылдык аймагында 2018-жылдын декабрь айында мал санак жана эл каттоо жүргүзгөн санакчыларга эмгек акы төлөө жөнүндө айылдык аймактын экономист-статисти А.Жантаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагында 2018-жылдын декабрь айында мал санак жана эл каттоо жүргүзгөн санакчыларга эмгек акы төлөө үчүн 27 000 (жыйырма жети миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |