Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-декабры №6
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жана жалпы билим берүүчү орто мектептеринде “Балаты” майрамына карата балатыны жасалгалоо жана балдарга белектерди алып берүү жөнүндө жетекчилердин кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жана жалпы билим берүүчү орто мектептеринде “Балаты” майрамына карата балатыны жасалгалоо жана балдарга белектерди алып берүү үчүн “Ай-Нуру”, “ мектепке чейинки билим берүү уюмуна 7000 (жети миң) сом жана “Келечек” мектепке чейинки билим берүү уюмуна 7000 (жети миң) сом, “Бүчүр” мектепке чейинки билим берүү уюмуна 5000 (беш миң) сом, Терек-Сай жалпы билим берүүчү орто мектебине 8000 (сегиз миң) сом, А.Чымканаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине 8000 (сегиз миң) сом, Б.Камчыбеков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине 8000 (сегиз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |