Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-декабры №7
Сумсар жалпы билим берүүчү орто мектебине райондук денгээлде өтүүчү предметтер аралык олимпиадага Терек-Сай айылдык аймагына караштуу жалпы билим берүүчү орто мектебинин окуучуларын барып келүү үчүн жол чыгымдарын төлөө жөнүндө Терек-Сай жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Т.Орозбаевдин кайрылуусу угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сумсар жалпы билим берүүчү орто мектебине райондук денгээлде өтүүчү олимпиадага окуучулардын барып келүү жол чыгымдарын төлөө үчүн 21 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |