Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-декабры №10
Терек-Сай айылдык маданият үйүнүн музыкалык аппаратурасын оңдоо жана “Жаңы жылдык майрамды” жогорку денгээлде өткөрүү максатында белектерди алуу жөнүндө айылдык маданият үйүнүн жетекчиси К.Токонованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык маданият үйүнүн музыкалык аппаратурасын оңдоо жана “Жаңы жылдык майрам” өткөрүү үчүн Терек-Сай айылына 10 000 (он миң) сом жана Кызыл-Токой айылына 10 000 (он миң) сом, Ак-Терек айылына жаны жыл майрамын өткөрүү үчүн 10 000 (он миң) сом акча каражаттары жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |