Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-декабры №12
Терек-Сай айылдык аймагынын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө, турмуш шарты оор пенсионерлерге материалдык жардам катарында көмүр менен камсыз кылуу жөнүндө айылдык аймак башчысы Б.Ашырбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз айылдык 15-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагынын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө, турмуш шарты оор пенсионерлерге материалдык жардам катарында көмүр менен камсыз кылуу үчүн 80 000 (сексен миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө укук, мыйзамдуулук, этика жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |