Редакцияот 15.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Мойнок айылдык кеңешинин чакырылышынын кезектеги сессиясы

 

2018-жылдын 15-ноябры №16

Ак-Өлөн айылындагы эски клубдун жана С.Каралаев атындагы мектептин эски котельныйдын имараттарын бузуу жөнүндө

 

Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесинин негизинде Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Өлөн айылындагы эскилиги жеткен ,пайдаланууга жараксыз болуп калган айылдык клубдун имаратын жана С.Каралаев атындагы мектептин эски котельныйдын имаратын бузууга макулдук берилсин.

2. Бул токтомду аткаруу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Джодаев А.Б.