Загрузка документа…
КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-ноябры №17
Көк-Мойнок айыл аймагынын Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк- Мойнок айыл аймагынын айыл Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер министринин 2018-жылдын 22-июнундагы №21-54 “Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү” боюнча протоколдук тапшырмасына ылайык, жазуучунун 90 жылдыгына карата жана Тон райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 21-сентябрындагы №3/849 катынын негизинде парк кылуу максатында көп жылдык бактар тигилген Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган 2га жерине Ч. Айтматовдун ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткаруу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы М. Кыдыралиевага милдеттендирилсин.
Тѳрага | Джодаев А.Б. |
|
|