Загрузка документа…
КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-ноябры №21
Көк-Мойнок айыл аймагынын 2019-жылга дем берүүчү грант аркылуу өтө турган Ак-Өлөӊ айылындагы С. Каралаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү жана Ак-Өлөӊ айылына жаӊы ФАП куруу боюнча айыл өкмөт башчысынын сунушун жана айылдык Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк- Мойнок айыл аймагынын айыл Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Өлөӊ айылындагы С. Каралаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча өздүк салым 637 428 сом акча каражаты 2019-жылдын 1-январына калган калдыктан каралсын.
2. Ак-Өлөӊ айылына жаӊы ФАП куруу боюнча өздүк салым 678 862сом акча каражаты 2019-жылдын 1-январына калган калдыктан каралсын.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы М. Кыдыралиевага тапшырылсын.
Тѳрага | Джодаев А.Б. |
|
|