Загрузка документа…
ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 04-октябры №18
Абралиев Масалбектин мамлекеттик кызматтарда көп жылдан бери иштеп келген, эмгеги эл арасында таанымал болгон, иштеген ишин, айыл аймагына кылган жардамдарын даңазалоо максатында жана 2018-жылдагы Орто-Арык айылынын сунуштамасынын негизинде Абралиев Масалбек Кыштобековичке айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча карап, талкуулап чыгып Долоно айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көп жылдардан бери мамлекеттик кызматтарда иштеп, сиңирген эмгеги үчүн Абралиев Масалбек Кыштобековичке Долоно айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймак башчысы Ө.Боркеевке жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.Кошоев |
|
|