ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Долоно айылдык кеңешинин чакырылышынын сессиясы
2018-жылдын 04-октябры №24
Кыргыз Республикасынын Президентинин «2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылы» деп жарыяланган Жарлыгына жана Талас райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 03-октябрындагы №01-21/1183 катынын негизинде Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 339 беренесинин, 4 болугунун негизинде жер салыгын зоналдык коэффициентин кабыл алуу боюнча карап чыгып Долоно айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Долоно айыл аймагы боюнча жер салыгынын зоналдык коэффициенти 1ге барабар болсун.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Долоно айыл өкмөтүнүн салык инспектору Ж.Рыскуловко жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.Кошоев |
|
|