Загрузка документа…
ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-октябры №28
Долоно айыл аймагынын 2017-жылдын жыйынтыгы менен салык төлөмүнүн ашык чогултулган каражаттарынын эсебинен калган акча каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө карап талкуулап чыгып, Долоно айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Долоно айыл аймагынын 2017-жылдагы салык чогултуудагы калган 10383 акча каражаты айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасына тетик (запчасть) алынып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Долоно айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Джамгырчиевага жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.Кошоев |
|
|