Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-декабры №24/1
Корул айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылга аткарылышы, 2018-жылга маалыматы, 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү, 2020-2021-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү боюнча Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 14233,5 миң сомго, анын ичинен өздүк киреше 4041,1 теңдөөчү грант 7124,5 миң сом, атайын каражаттар 225,0 миң сомго, республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар (средства передаваемые) 1076,9 миң сомго, өткөн жылдан калган калдык 1766,0 жана чыгаша бөлүгү 11072,8 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Корул айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 15509,6 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 14420,3 миң сомго, өткөн жылдан калган калдык 3160,7 аткарылышы күтүлөт.
3. Корул айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 10347,5 миң сомго анын ичинен теңдөөчү грант 7441,7 миң сомго, өздүк киреше 2705,8 миң сомго жана атайын каражаттар 200,0 миң сомго бекитилсин.
4. 2020-жылга Корул айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы 10759,4 миң сомго, анын ичинен: теңдөөчү грант 7353,6 миң сом, өздүк киереше 3405,8 миң сомго, 2021- жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планы 10775,4 миң сомго анын ичинен: теңдөөчү грант 6838,6 миң сом, өздүк киреше 3936,8 миң сомго анын ичинен атайын каражаттар 200,0 долбоорунун болжолу бекитилсин.
5. Корул айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетте каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу, отчет-учет иштерин убагында айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы, мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча директорлордун орун басарларына милдеттендирилсин.
6. Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча өз убагында мыйзамдуу жумшалышына камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке тапшырылсын.
Тѳрага | Т.Маназаров |
|
|