Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-декабры №24/3
Корул айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 24-отурумунун (2018-жылдын 19-декабрындагы №24/3 токтому менен Корул айылдык кеңешинин регламентинин редакциясы) Корул айылдык кеңешинин типтүү регламентинин 2-бөлүгүнүн 3-главасынын 3.1-пунктуна таянып, Корул айылына эмгеги сиңген, «Ардактуу атуул» жана «Ардактуу айымы» наамын ыйгаруу жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча мамлекеттик салык кызматынын ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Мурзакеримов Акматбек Намазбековичке Корул айылынын социалдык өнүүгүсүнө кошкон зор салымы жана үзгүлтүксүз демөөрчүлүгү үчүн кичи мекени Корул айылынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.
2. Кең-Жылга эмканасынын башчысы Жолдошова Анаркан Кубатовнага Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоодо кошкон зор салымы жана талыкпаган көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн, Корул айылынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.
3. Корул айыл өкмөтүнүн ВУС инспектору Маматов Айти Манановичке Корул айылынын социалдык өнүгүүсүнө кошкон салымы көп жылдык үзүрлүү эмгеги, элдин саламаттыгын сактоого кошкон салымы үчүн Корул айылынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
4. А.Бекташов атындагы орто мектебинин директору Осмонова Толкунай Абдилаковнага Корул айылынын «Ардактуу айымы» наамы берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке жана ФЭБ башчы Н.Тоотаевага милдеттендирилсин.
Тѳрага | Т.Маназаров |
|
|