Редакцияот 01.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Корул айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХXV отуруму

 

2019-жылдын 01-февралы №26/1

2018-жылдагы жайыт комитетинин бюджетинин аткарылышы боюнча жайыт комитетинин төрагасы Ж.Бекташовдун отчетун угуп, бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 6-беренесинин 4-пунктуна таянып, Ж.Бекташовдун отчетун угуп, Корул айылдык Кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт комитетинин 2018-жылдагы бекитилген бюджетинин аткарылышы боюнча жайыт комитетинин төрагасы Ж.Бекташовдун билдирүүсү канааттандырарлык деп белгиленсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Корул айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Тѳрага

Т.Маназаров